Кыргызстанга которулган акча боюнча рекорд орнотулду

Кыргызстанга которулган акча боюнча рекорд орнотулду. Улуттук статистика комитетинен билдиришкендей, июлда чет мамлекеттерден өлкөгө 317 миллион доллар которулган.

 

Буга чейин эң жогорку көрсөткүч өткөн жылдын сентябрь айында катталган, анда Кыргызстанга 295,5 миллион доллар келген. Жалпысынан биринчи жарым жылдыкта өлкөгө 1 миллиард 347 миллион доллар которулса, анын басымдуусу  Россиядан жөнөтүлгөн.