Испанияда үй-жайсыз аял тилемчилик кылган акчасына лотерея билетин сатып алып, миллионер болду. Аликанте шаарында кайырчы аял күн сайын акча сурап, андан кийин тамак-аштан тышкары сөзсүз түрдө лотерея билетин дагы сатып алып турган.
Кезектеги билет ага 1 миллион 200 миң евро алып келди. Бактылуу айым билетти сатып алган дүкөнгө келип, сатуучуларга ыраазычылык билдирип, эми анын бардык маселелери чечиле турганын билдирди.