Испанияда 14 жашка чейинки балдарга көчөгө чыгууга уруксат берилди

Испанияда 14 жашка чейинки балдарга көчөгө чыгууга уруксат берилди. Эрежеге ылайык, балдар эртең мененки 9дан кечки 9га чейинки аралыкта бир саат гана сыртта жүрө алышат.

 

Анда да үйүнөн бир чакырымдан алыс кетпеши керек, беткапчан жүрүүсү шарт. Өлкө боюнча 14-мартта катаал карантин жарыяланып, жарандар үйдө отурууга аргасыз болушту.