Испанияда эл аралык «Сан-Фермин» фестивалы башталды.
Анын алкагында, пандемиядан бери биринчи жолу миңдеген адам шаар көчөлөрүн каптады.
Майрамдык салтанаттар, карнавалдар, костюмдар кийилген спектаклдер жана корридалар — мунун баары бир жумага созулат.
Программанын белгилүү бөлүгү ачуулуу алты буканын чуркоосу.
Алар эң айласы кеткен катышуучуларды дээрлик бир километр аралыкта көчөдө кууп чыгышат.