Кыргызстандын тигүү тармагы кезектеги кыйынчылыкты баштан кечирүүдө.
Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, быйыл кийим-кече, бут кийим жана текстиль өндүрүшү өткөн жылдын январь-май айларында өндүрүлгөн көлөмгө салыштырмалуу 4,5 пайызга кыскарды.
Эксперттер мунун негизги себебин валюта рыногундагы жана геосаясий мейкиндиктеги туруксуздук менен түшүндүрүүдө.