Италиянын калкы жети жылдын ичинде дээрлик бир миллионго кыскарды

Италиянын калкы жети жылдын ичинде дээрлик бир миллионго кыскарды.

Мындай көрсөткүч өлкөдө биринчи жолу катталды, деп билдирет Euronews.

Негизги фактор — төрөлүүнүн төмөндөшү.

Италияда жумушсуз аялдар көп.

Финансылык туруксуздуктун айынан алардын көбү балалуу болууга ашыкпайт.

Бүгүнкү күндө өлкөдө 59 миллион адам жашайт.

Бирок Улуттук статистикалык институттун болжолдоолору боюнча, кылымдын ортосуна чейин алардын саны 5 миллионго кыскарышы мүмкүн.