Япония ден соолугу бекем карылардын көптүгү боюнча рекорд жаратты.
Учурда Японияда аялдардын басымдуу бөлүгү 75 жашка чейин ден соолугу
жакшы болуп, башкалардын жардамы жок эле жашай алат, — деп билдиришти
Эмгек жана жайлуу жашоо министрлигинен. Ал эми эркектер үчүн бул
курак — 72 жаш. Ошондой эле Япония жарандары эң узак жашаган дүйнөдөгү
7 мамлекеттин катарында. Бул өлкөдө узак жашаган эркектер орто
эсеп менен 81 жашка чыкса, аялдар 87 жаштан ашат.