Ысык-Көлдө үй өрттөнүп 3 бир тууган каза тапты

Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районундагы Совхоз айылындагы

үйлөрдүн биринен өрт чыгып, үч бир тууган балдар каза болду. Бул маалыматты

“Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Балдар алты, беш жана үч жашта болгон. Үйдүн ээлерин, балдардын ата-энесин

кошуналар куткарып калган. Өрт 22:20дан өтүп өчүрүлдү.

Түшкү саат 15:00 чамасында башталган өрт кечки саат 22:00дөн өтүп өчүрүлгөнүн

ӨКМ билдирди. Алдын ала маалымат боюнча, өрт үй ээлеринин кызуу абалда

тамекини этиятсыз колдонгонунан келип чыккан. Соңку учурда Кыргызстандын

аймагында өрт кырсыгы көп катталууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда жыл башынан бери 2900дөн ашык өрт кырсыгы катталды.

Бул өткөн жылга салыштырмалуу 17% көп. Кырсыктан 40тай киши каза болду.

Анын ичинен онго жакыны жаш балдар. Адистердин айтымында, кырсыкка

көп учурда электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздык себеп болот.