Японияда парламент депутаты жумушка келбегендиктен мандатынан ажыратылды

Японияда парламент депутаты жумушка келбегендиктен мандатынан ажыратылды.

Йошикадзу Хигашитанини ишке эч качан келбегени үчүн кесиптештери Сенаттан чыгарышты.

Ал жети ай мурун бул кызматка шайлангандан бери парламенттин бир дагы жыйынына катышкан эмес.

Депутаттык мандатынан ажыратуу Японияда сенатор тарта турган эң оор жаза болуп саналат.

Мындай прецеденттер 1950-жылдан бери эки жолу гана болгон.