Бишкектеги үйүлгөн таштандылар 24 сааттын ичинде чыгарылат

Бишкектеги үйүлгөн таштандылар 24 сааттын ичинде чыгарылат.

Буга “Тазалык” ишканасынын директору Рамиз Алиев ишендирүүдө.

Анын убадасы жазылган видеону социалдык тармакка мэриянын басма сөз кызматы жарыялады.

Алиев ордо калаада таштандылар толуп жатканын моюнга алып, анын көлөмү массалык ишембиликтен кийин кескин көбөйгөнүн айтууда.

Белгиленгендей, жарандар жалбырактарды жана башка таштандыларды тазалагандан кийин баштыктарга эмес, чачыранды кылып таштап кетишүүдө.