Токтогул суу сактагычында нымдуулук күндөн күнгө толуп жатат

Токтогул суу сактагычында нымдуулук күндөн күнгө толуп жатат. “Электр станцияларынан” билдиришкендей, учурда өлкөнүн башкы резервуарында  12 миллиард 417 миллион метр куб суу бар.

 

Бул өткөн жылдын ушул эле мезгил аралыгына салыштырмалуу, 1 миллиард кубга көп. Буга карабай, өлкөдө суунун аз келүү мезгили уланууда, андыктан адистер электр энергиясын үнөмдүү колдонууга чакырып келет.