Япониянын мурдагы премьер-министри кол салуудан улам каза болду

Япониянын мурдагы премьер-министри Синдзо Абе белгисиз адамдын кол салуусунан улам ооруканада каза болду.

Бул тууралуу эл аралык басылмалар жазышты.

Буга чейин маалым болгондой, Синдзо Абе Нара шаарында сөз сүйлөп атканда белгисиз куралчан адам анын далысына эки ирет ок аткан.

Ал ооруканага жеткирилген, кийин дарыгерлер анын өмүрү үчүн күрөшүп жатканы кабарланган.