Эртең Бишкектин борбору унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат

Эртең Бишкектин борбору унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат.

Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, мындай чектөө айт намазга байланыштуу.

Жол таңкы саат 4төн 8ге чейин Чүй проспектинен Фрунзе жана Тоголок Молдодон Тыныстановго чейинки бөлүгүндө чектелет.

Мындан тышкары, Тыныстанов жана Абдумомунов көчөлөрүнүн кесилиши, ошондой эле Логвиненко, Панфилов, Орозбеков, Тыныстановдун Чүй проспектиси жана Фрунзе көчөсү менен кесилиштери жабылат.

Айдоочуларга маршрутту алдын ала пландап алуу сунушталат.