Жергиликтүү кеңештерге кайра шайлоонун жыйынтыгы 24-июлга чейин жарыяланат.
БШКнын маалыматына ылайык, ага чейин кол менен саноо жүргүзүлүп, добуш берүүгө катышкан жарандардын тизмеси илинет. 24-июлдан кийин Боршайком жалпы маалымдоо каражаттарына жыйынтыктарды тартуулап, аймактык шайлоо комиссиялардын протоколдорун бекитип, июлдун аягына чейин расмий жыйынтыкты чыгарат.
Эске салсак, Бишкек, Ош жана Токмокто кайра шайлоо 11-июнда өтөт. Буга чейинки өткөн добуш берүүнүн жыйынтыгы көптөгөн мыйзам бузуулардан улам жокко чыгарылган.