Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алуу боюнча Референдумга карата бюллетендер 1-апрелге чейин даяр болот.
Бул тууралуу БШК тарабынан бекитилген календарлык планда айтылат. Ведомстводон билдиришкендей, макул же
каршы деп жазылган бюллетень тексти 22-мартка чейин бекитилет. Ал эми алар өлкөдөгү жана чет мамлекеттеги
шайлоо тилкелерине 9-апрелге чейин жеткирилет. Белгилеп кетсек, референдум
жергиликтүү кеңештерди шайлоо менен биргеликте 11-апрелде өтөт.