Россиялык туристтердин Кыргызстанга болгон кызыгуусу өткөн жылга салыштырмалуу 60 пайызга өстү. “Кабар” агенттиги белгилегендей, биздин өлкө аймагына кирүү үчүн Россия жарандарынан виза талап кылынбайт.
Бирок алар 2 айдан көп эмес убакыт жүрүшү керек. Туристтерди Ысык-Көл жээгиндеги, тоо койнундагы жана тоолуу аймактардагы санаторийлерде эс алуу кызыктырат.