Эл аралык 8-март майрамынын алдында айымдарга эңсеп жаткан белеги тууралуу мырзаларга жымсалдабай, түз эле айтуу сунушталат

Эл аралык 8-март майрамынын алдында айымдарга эңсеп жаткан белеги тууралуу мырзаларга жымсалдабай, түз эле айтуу сунушталат.

 

Психолог Анастасия Давыдова белгилегендей, айрым жуптар ыңгайлуулук үчүн кыялдар тизмесин эртелеп түзүп алат.

 

Өз колу менен жасалган белектер өзгөчө жылуу сезимдерди тартуулайт. Атыр сыяктуу белектерди бере тургандар аталышын же түрүн билип алганы оң. Эксперт белгилегендей, кыз-келиндердин көбү белекти өздөрү тандаганды жактыргандыктан, сертификат тартуулоо дагы туура чечим.