Кыргызстан башка мамлекеттерден электр энергиясын импорттоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө

Кыргызстан башка мамлекеттерден электр энергиясын импорттоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул тууралуу Энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев билдирди.

 

Анын айтымында, бүгүнкү күндө Россия менен    1,5 миллиард киловатт-саат электр энергиясын сатып алуу боюнча макулдашуу бар. Импорт сентябрдан апрель айына чейин ишке ашат.

 

Ошондой эле Түркмөнстан менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, бирок баа боюнча айрым талаш учурлар болууда. Чиновник белгилегендей, Кыргызстанда кышкысын үзгүлтүксүз электр энергиясын берүү коңшу мамлекеттердин энерго системасынын ишине көз каранды болот. Жарандарга болсо газ менен жылытуу жана көмүрдү запастап алуу сунушталат.