Кеңеш Жусупов менен Геннадий Базаровго ТҮРКСОЙдун сыйлыгы берилди

Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов, сценарист, Кыргыз Республикасынын эл артисти Геннадий Базаров жана венгер жазуучусу Шандор Лежакка ТҮРКСОЙдун алтын медалы тапшырылды. Бул тууралуу Эл аралык ТҮРКСОЙ уюмун баш катчысы Султан Раев маалымдады.

 

Түрк тилдүү мамлекеттердин достугун чыңдоо, аларды бири-бирине жакындатуу максатында иш алып барган ТҮРКСОЙ эл аралык уюму маданият тармагында иштеген адистерге жыл сайын атайын сыйлык берип келет.

 

Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, мамлекеттик жана коомдук ишмер Султан Раев ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысы болуп быйыл март айында дайындалган.

Эл аралык ТҮРКСОЙ уюмун түзүү тууралуу келишимге 1993-жылы Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Түркия өлкөлөрүнүн маданият министрлери кол коюшкан.