Бишкекте эркектерге караганда аял ишкерлердин саны көп

Бишкекте эркектерге караганда аял ишкерлердин саны көп. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, жалпысынан өлкөдө 344 миң 424 жаран жеке ишкерлик менен алектенет.

 

Анын 65 пайызы эркектер болсо, 35 пайызы аялдар. Ал эми Бишкекте тескерисинче, аял ишкерлер басымдуулук кылат. Жеке ишкерлердин көбү ордо калаага, Ош шаарына жана Чүй, Ош облустарына туура келет.