“Манас” эл аралык аэропортунда Кытайдан келген жүргүнчүлөр коронавируска текшерилип жатат

“Манас” эл аралык аэропортунда Кытайдан келген жүргүнчүлөр коронавируска текшерилип жатат. Санитардык-карантиндик пункттун адистери тепловизордун жардамы менен дене табы көтөрүлгөн адамдарды аралыктан аныктоо боюнча күн сайын иш алып барууда.

 

Аэропорттун басма-сөз кызматынан билдиришкендей,   2020-жылдын 23-январынан 1-февралына чейин Үрүмчү — Бишкек — Үрүмчү каттамы токтотулат. Себеби Кытайда бул күндөрү жаңы жыл майрамы белгиленет.

 

Эскерте кетсек, декабрдын аягында Ухань шаарынын Хубэй провинциясында белгисиз өпкө оорусунун жайылганы байкалган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун жаңы түрү экендигин болжолдошкон.