Энергетиктер электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү эртең мененки маалымат боюнча, 10 миллиард 700 миллион кубометрге түштү.

“Электр станциялары” ишканасынан билдиришкендей, учурда суунун агып кириши чыгымга караганда үч жарым эсе аз.

Мындан улам, өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.