Кореялык ишкерлер Нарынга чакан ГЭС кургусу келет.
Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешовдун Кореяга иш сапарында белгилүү болду.
Маалыматка ылайык, сапардын жүрүшүндө теңир тоо менен Ганвон-до Инже округунун ортосунда достук алакасы түзүлүп, өз ара кызматташуу, тажрыйба алмашуу жана айыл чарба долбоорлорун жылдыруу меморандумуна кол коюлду.
Анын алкагында, кореялык ишкерлер Нарын облусуна 5 мегаВаттык чакан ГЭС куруу ниетин билдиришти.
Учурда гидроэлектрстанция курууга ылайыктуу аймакты тандоо, даярдоо иштери башталды, — деп айтылат маалыматта.