Эртең Бишкектин түштүк тарабында суу жок болот

Эртең Бишкектин түштүк тарабында суу жок болот. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, суу Чоң-Арык районунда, Семетей көчөсүндө, Бишкек эркин экономикалык аймагында жана Киргизия жаңы конушунда саат 9дан кечки 6га чейин  өчүрүлөт. Мунун себеби оңдоо иштерине байланыштуу.

 

Калк ичүүчү сууну алдын ала камдап алуусу керек.