Кыргызстан Борбордук Азия өлкөлөрү арасында электрондук өкмөттү өнүктүрүү боюнча экинчи орунду ээледи. Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, жалпы дүйнөлүк индексте биздин өлкө 83-позицияда турат.
Ведомстводон белгилешкендей, бул республиканын акыркы 10 жыл ичиндеги эң жакшы көрсөткүчү.
Бүгүнкү күндө техникалык иш-чараларды “Түндүк” системасына кошулган 64 министрлик жана 39 коммерциялык уюм аткарды. Бул калк үчүн маалымат алмашууга жана мамлекеттик кызматтарды онлайн алууга шарт түздү.