Көчмө добуш берүү 9-январда өтөт

Көчмө добуш берүү 9-январда өтөт. Бул тууралуу novosti.kgге БШКдан билдиришти. Андан такташкандай, шайлоо тилкелеринен эмес, башка жерден ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер, алыскы райондордо кызмат өтөп жүргөн аскерлер жана ооруканада жаткандар добуш бере алат.

 

Кыргызстандыктар, ошондой эле, бул күнү референдумга дагы катыша алат. Бул үчүн арыздар 7-январга чейин кабыл алынууда.