Көмүрдүн баасын негизсиз жогорулаткан сатуучуларга айып салынууда

Көмүрдүн баасын негизсиз жогорулаткан сатуучуларга айып салынууда. Сатуу түйүндөрүндө рейддерди Монополдукка каршы мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери жүргүздү.

 

Бир катар ишкерлерге бузууларды тез арада жоюу боюнча эскертүүлөр берилди.

 

Жалпысынан, көмүрдүн баасын жөнгө салуу чечими кабыл алынгандан кийин өлкө боюнча 70тен ашык рейд жүргүзүлдү. Эске салсак, октябрда кескин суук болуп, кара отунга болгон суроо-талап дароо жогорулаган. Жыйынтыгында, кыргызстандыктар көмүрдүн жетишсиздигине жана баалардын кымбатташына арызданышкан.