Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге үгүт иштерине кийлигишүүгө тыюу салынат

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге үгүт иштерине кийлигишүүгө тыюу салынат. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

 

Андан тышкары, мугалимдер, мектеп окуучуларга, студенттерге, медицина кызматкерлерине жана башка уюмдардын кызматкерлерине добуш берүү процессине катышууга тыюу салынат. Бул чаралардын бардыгы жарандарга басым жасоону алдын алуу үчүн көрүлөт.

 

Ошондой эле, министрлер кабинетине, бийлик өкүлдөрүнө жана башка мамлекеттик органдардын кызматкерлерине ачык шайлоо уюштуруу тапшырмасы берилди. Эске салсак, Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо 28-ноябрда өтөт.