Күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатында кыргызстандык балбандар эки күмүш жана эки коло байгеге ээ болушту

Күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатында кыргызстандык балбандар эки күмүш жана эки коло байгеге ээ болушту.

 

Дене тарбия жана спорт департаментинин маалыматына караганда, күмүш байгелерди Аден Сакыбаев менен Стамбул Жаныбек уулу алса, коло байгерге Адилет Жапаркулов менен Мухаммад Абдуллаев ээ болду.

 

Кыргыз балбандары жалпысынан беш алтын, үч күмүш жана беш коло медалды багындырды. Чемпионатка 22 мамлекеттен 500гө жакын спортчу келди.