Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Оман менен ойнойт

CAFA Nations Cup 2023 мелдешинин алкагында өз тайпаларынын жеңүүчүлөрү болгон Өзбекстан менен Ирандын курамалары финалда ойношот.

Кыргызстандын футбол союзунан маалымдашкандай турнирдин коло медалы үчүн өз тайпаларында экинчи орунду ээлеген Кыргызстан менен Омандын курама командалары беттешмекчи.

 

Оюн 20-июнда Ташкенттеги «Пахтакор» стадионунда өтөт. Ага катышуу үчүн Штефан Тарковичтин «ак шумкарлары» коңшу мамлекетке барып, беттешке даярдык көрө баштады.

 

Буга чейин Кыргызстандын курамасы Бишкекте Ооганстандын футбол командасын 1:0 менен уткан. Бирок кирген топко нааразы болгон оогандыктар оюн талаасын эрте таштап кетип калышкан. Кийин алардын бул кадамы атайын комиссияда каралып, Ооганстан Кыргызстанга 3:0 менен утулду деген чечим чыккан.

Ал эми 16-июнда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Ирандын футболчулары талаа ээлерин 5:1 менен уткан болчу.

 

Борбор Азия футбол ассоциациясы (CAFA) алгачкы жолу өткөрүп жаткан Улуттар кубогунун тайпалык оюндары 10-17-июнда Бишкекте жана Ташкентте өттү. Кыргызстан B тайпасында Иран, Ооганстан менен бөлүнгөн. А тайпасында Өзбекстан, Тажикстан, Оман жана Түркмөнстан ойноду.

Кыргызстан Оман менен быйыл Катар мамлекетинде Азиянын чемпионатынын алкагында да беттешмекчи. 11-майда Дохада болгон чучу кулактын жыйынтыгы менен 24 команданын арасында Кыргызстан F тайпасына түшкөн. Анын атаандаштары Сауд Аравиясы, Тайланд жана Оман.

Кыргызстандын курамасы биринчи жолу 2019-жылы Азия кубогуна катышып, 1/8 финалга чыгып, талаа ээси Бириккен Араб Эмираттарынан утулуп калган. Ал ирет Катар финалда Жапонияны утуп, Азия чемпиону болгон.

Кыргызстандын курама командасы азыркы тапта ФИФАнын рейтингинде 96-орунда турат.