Түркиянын Стамбул шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында Куттубек Рысматов коло медаль тагынды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Спортчу коло медаль үчүн беттеште түркиялык балбанга 10:1 эсебинде жеңилип калды.
Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү мелдешке 55 кг чейинки салмак категориясында катышты.