Күзөтчүнүн күркөсүн сүзгөн жол тандабастын айдоочусу камакка алынды

Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы шаардагы кабат үйлөрдүн биринин күзөтчүлөр отурган күркөсүн машинеси менен сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочуну кармады. Ага Жазык кодексинин 266-беренесине («Бейбаштык») ылайык иш козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Милициянын маалыматына ылайык, 6-июнда саат 17:30 чамасында 102 кызматына мас абалындагы айдоочу күркөнү сүзүп, күзөтчүгө кол салганы тууралуу маалымат түшкөн.

 

Милиция айдоочуну кууп отуруп, Чүйдүн Кемин районунда кармаган. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.