Кадамжайдагы комбинат айына 200 тонна сурьма чыгарууну пландоодо.
Суткасына орто эсеп менен 600-700 тонна кен казылып алынса, келечекте 1000 тоннага жеткирилет.
Бул тууралуу президент Садыр Жапаров аталган комбинаттын ишмердүүлүгү менен таанышкан учурда айтылды.
Маалыматка ылайык, Кадамжай сурьма комбинатында учурда айына 30-40 тоннага жакын көлөмдөгү металл сурьма чыгарылат.
Ишкана 1936-жылы ишке киргизилген, учурда комбинатта 600дөн ашык адам үч сменде иштейт.