Ноокат – Кызыл-Кыя унаа жолу кийинки жылы толук реконструкцияланат.
Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Баткен облусуна жумушчу сапарынын алкагында айтылды.
Мамлекет башчы аталган трассаны капиталдык оңдоону 2023-жылдын жаз айларында баштап, ошол эле жылдын күзүндө бүтүрүүнү тапшырды.
Белгиленгендей, оңдолгон жолдун сапаты бардык техникалык регламенттерге туура келиши керек.
Кошумчаласак, Ноокат – Кызыл-Кыя жолунун абалы боюнча жарандардан бир канча ирээт арыздар түшүп келген.