Калкты жана турак-жай фондун каттоо боюнча суроолору менен жарандар мэриянын түз байланыш номерлерине чала алышат. Муниципалитеттен белгилешкендей, Бишкектин 4 району боюнча телефондор иштеп жатат, жарандар кызыктырган суроолору менен адистерге кайрылууда.
Түз байланыш номерлери Novosti.kg сайтынын кыргызча бөлүмүндө жеткиликтүү.
Эске салсак, эл каттоо өткөн жума, 25-мартта старт алды жана 3-апрелге чейин уланат. Ал эми алыскы аймактарда өнөктүк кечирээк башталат.