Калмира Билимбек кызы Дүйнө чемпионатында коло медаль тагынды

Иорданиянын Амман шаарындагы Дүйнө чемпионатында кыздар арасындагы күрөштө кыргызстандык балбан Калмира Билимбек кызы коло медаль тагынды.

 

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, спортчу 59 килограммга чейинки салмак категориясы боюнча күч сынашты.

 

Ал коло үчүн беттеште түркиялык балбан менен беттешип, жеңишке жетти.