Лионель Мессинин “Интер Майами” үчүн алгачкы беттеши качан боло турганы белгилүү болду. Аргентиналык форвард жаңы команданын курамы менен көк шиберге 21-июлда чыгат.
Бул күнү “Интер Майами” Флоридада “Крус Асуль” клубуна каршы оюн өткөрөт. Эске салсак, Лионель Месси америкалык клубга өтө турганын 7-июнда жарыялап, расмий 3 жылдык келишимге 1-июлда кол коюлат.