Өлкөдө 2 миңге жакын мугалим жетишсиз. Бул тууралуу кененирээк Билим берүү министринин орун басары Уланбек Мамбетакунов айтып берет.
“Республика боюнча акыркы маалыматтар менен 82 миң 845 мугалим бар. Жетишсиздик 2 миңге жакын болуп калып атат. Бирок бул 2 миң дегенибиз азыркы учурда студенттерибиз, бүтүрүүчүлөрүбүз жайкы эс алуудан чыгып, бөлүштүрүлгөн мектептерге барышат. Ошондо бул жетишсиздик 900гө түшөт”
Чиновник белгилегендей, өзгөчө табигый илимдер предметтери боюнча мугалимдер жетишпейт.