Бүгүн ЖОЖдорго кабыл алуунун бешинчи туру башталды

Бүгүн ЖОЖдорго кабыл алуунун бешинчи туру башталды. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, ал 16-августка чейин уланат.

 

Жогорку окуу жайларына тандоо “Абитуриент онлайн” автоматташтырылган системасы аркылуу жүргүзүлөт.

 

Окууга өткөндөрдүн тизмеси 21-августтан 23-августка чейин илинет.