Лейлекте жаңы мектеп ачылды

Лейлек районунун Борбордук айылында жаңы курулган мектеп пайдаланууга берилди.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына ылайык, эки кабаттуу имарат 225 окуучуга чакталган.

Курулушка 65 млн сом жумшалды.

Билим берүүчү жай буга чейин “Хамза” атында болсо, эми ага залкар жазуучу Айтматовдун ысымы берилди.