Каракол шаарында эки миң орундуу маданий борбор курулат

Каракол шаарында эки миң орундуу маданий борбор курулат.

Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, учурда борбордун долбоорун иштеп чыгуу боюнча жарыяланган сынакка келип түшкөн эскиздер талкууланууда. Маданий борбор Каракол шаарындагы Карасаев көчөсүнө курулуп, төрт гектар аянтты ээлейт.

Анда бир гана концерттик же спорттук иш-чаралар өткөрүлбөстөн, ичинде конференц-залдар, китепкана, кофейня, балдар аянтчасы жайгашып, жылдын төрт мезгилинде конокторду кабыл алууга ылайыкталып салынат.