Канадалык аткаруучу Жастин Бибердин дүйнөлүк турнеси жанданат

Канадалык аткаруучу Жастин Бибердин дүйнөлүк турнеси жанданат.

Артисттин жүзүнүн жарымы шал болуп калгандыгына байланыштуу токтотулган концерти Италиянын Лукка шаарында жайкы фестивалда улантылат.

Август айында Бибер Европада беш концерт берет.

Сентябрь айында ал Түштүк Америкада ырдайт.

Андан ары концерттер Түштүк Африка, Австралия, Азия жана Жаңы Зеландияда өткөрүлөт.

Турнеде жалпысынан 75 концерт болору күтүлүүдө.