Караколдо кышкы туристтик сезон кийинки жумада ачылат.
Расмий азем 27-ноябрда өтөт, анда лыжа жана сноуборд
сүйүүчүлөр үчүн сынактар, лыжа боюнча мастер-класстар,
эс алуучулар арасында түрдүү конкурстар, лотереялар,
концерттик программа жана башка көптөгөн иш-чаралар
уюштурулат. Оюн-зоок эртеси, 28-ноябрда дагы уланат.