Бишкек мэриясы жарандарды унааны бак-дарактардын алдына калтырбоону эскертет.
Мэриядан билдиришкендей, борбор калаада нымдуу кар бак-дарактардын салмагына
терс таасирин тийгизүүдө. Бак-дарактардын жана бутактардын кулаганына күбө болсоңуз, анда “Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасынын 32-62-33, 0504 21 06 00 номерлерине жана
борбор калаанын мэриясынын Call-борборунун 1840 жана 1850 күнү-түнү иштеген номерлерине,
ошондой эле сүрөттөрдү жана видео билдирүүлөрдү 0554 -182-185 номерине жөнөтүүнү
суранабыз”, — деп айтылат маалыматта.