1-апрелден тартып өлкөнүн түштүгүндөгү “Өтүкчү” жана “Кайтпас” бекеттери ачылат

1-апрелден тартып өлкөнүн түштүгүндөгү “Өтүкчү” жана “Кайтпас” бекеттери ачылат.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев билдирет.

Анын айтымында, тиешелүү макулдашуу эки өлкө өкүлдөрү ортосунда жетишилди. Аталган күндөн тартып

өзбекстандын “Риштан” жана “Туль”  өткөрүү түйүндөрү да иштеп баштайт. Бекеттерден жарандар,

жеңил унаалар жана 20 адамга чакталган автобустар өткөрүлөт. Жүк ташуучу унааларга уруксат берилген жок.