Көчмө клиникаларда эки жылда 200 миңден ашык кичи операциялар жасалды

Кыргызстандын тоолуу жана жетүүгө кыйын аймактарындагы калкка медициналык жардам көрсөтүп жаткан мобилдүү мульти-диагностикалык комплекстерде эки жылдан ашыгыраак убакытта 201 785 кичи операция жасалды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады.

Ислам өнүктүрүү банкы (ИӨБ) каржылаган “Нормека” көчмө клиникасы бардык адистер менен толук камсыз болуп, 8 фурадан турат. Анда калк гинеколог, офтальмолог, отоларинголог, невропатолог, кардиолог, уролог, хирург, стоматолог сыяктуу кууш адистиктеги адистерден кеңеш ала алышты. Мындан сырткары УЗИ, рентген, компьютердик томография аппараты жана маммограф аппараттарында текшерүүдөн өттү. Ошондой эле аталган клиникаларда лабораториялык кызматтар да бар.

 

Мультидиагностикалык көчмө клиниканын бул түрү өз ишин 2021-жылдын 17-ноябрында Чүй облусунун Кемин районунан баштаган. Кийин Чүй, Ысык-Көл, Ош жана Жалал-Абад облустарынын тоолуу аймактарында медициналык жардам көрсөттү.

Кеп болуп жаткан долбоор 5 жылга эсептелген жана ушул убакыт аралыгында ИӨБ мобилдик клиниканын ишин тиешелүү дары-дармектер, жабдуулар жана күйүүчү майлар менен, ал эми дарыгерлерди айлык акы менен камсыздайт. Мобилдик клиникада дарыгерлер үчүн кабинеттер, текшерүү лабораториясы, компьютердик томограф жана маммограф, операциялык блок, рентген аппараты, гастроскоп, көчмө скрининг борбору жана башкаруу борбору бар. Мобилдик клиникаларга калкты ташуу үчүн кичи автобустар, анын ичинде С классындагы тез жардам унаасы да кирет.

Кыргызстанда көчмө клиниканын жөнөкөй түрлөрү мурдагы жылдары да ишке киргизилип, тиешелүү жерлерде тейлөө жүргүзүп келчү. Анын кээлери КАМАЗ автоунаасына орнотулган эле.

 

Былтыр 15-сентябрда Жогорку Кеңештин “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын жыйынында саламаттык сактоо министри кызматына кайрадан дайындалган Алымкадыр Бейшеналиев “алгачкы жардам көрсөтүү тобунда кадрлар 67%, стационарларда кадрлар 80% камсыз болгонун, ошондо биринчи топто 33%, экинчи топто 20% кадрлар жетишпей турганын” айткан. Мындай жагдай айыл жерлеринде, өзгөчө тоолуу аймактарда калкты медициналык тейлөөгө кедергисин тийгизип келет.