Казакстанда өткөн референдумга добуш бергендердин 77 пайыздан ашыгы Башмыйзамды өзгөртүүгө макул болушту.
Коңшу өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, референдумга 7 миллион 986 миң адам катышты.
Анын 18 пайызы түзөтүүлөргө каршы болушкан.
Белгилеп кетсек, кечээ, 5-июнда Казакстанда Башмыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча жалпы республикалык референдум өттү.
Ага ылайык, аталган мамлекет эми парламентке артыкчылык берген президенттик өлкө жолуна багыт алышы керек.