Ал арада кыргызстандык балбандар казакстандагы турнирде 10 медалга ээ болушту.
Күрөш боюнча эл аралык мелдеш 2-июндан 5-июнга чейин Алматыда өттү.
Турнирге жалпысынан 19 балбан катышып, төрт алтын, бир күмүш, беш коло медаль менен кайтышты.
Муну менен Кыргызстан жалпы командалык эсепте бешинчи орунду ээледи.
Кошумчаласак, спорттук иш-чарага 25 мамлекеттин балбандары катышты.