Индонезиянын Бандунг шаарында катуу торнадо катталды

Индонезиянын Бандунг шаарында катуу торнадо катталды.

Бул тууралуу CNN Indonesia телеканалына таянып, «Известия» жазып чыкты.

Табигый кырсыкка кабылган Ява аралынын батышындагы Бандунг шаарында үч миллиондой адам жашайт.

Окуянын күбөлөрү тарткан видеодо катуу шамал үйлөрдүн чатырларын асманга учуруп,

дарактарды сындырып кеткен. Кырсыктын натыйжасында айрым имараттар толугу менен

жарактан чыккан. Негизинен менчик үйлөр жабыркаган. Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча,

кулаган дарактар жолдорду тосуп калган. Айрым аймактарда торнадо электр подстанцияларын жарактан чыгарып,

жарык өчкөн. Табигый кырсыктан төрт кичи район жабыркады. Жапа чеккендер жана каза тапкандар тууралуу маалыматтар жок.

Учурда Бандунгдун тургундары куткаруучулар менен биргеликте шаарды урандыдан тазалап жатышат.