Вакцина алуунун жол-жобосу айтылды


Вакцина алуунун жол-жобосу айтылды.

Коронавируска каршы эмделген жаран 3 күн дарыгердин көзөмөлүндө болот.

Республикалык иммунно-профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысованын айтымында,

вакцинаны өз ыктыяры менен макулдугун берген адам гана алат. Алгач жаранга 1 жана 2-дозаны

качан алары тууралуу жазылган форма берилет. Анда кайсы вакцина алынары, анын таасири жөнүндө

маалымат камтылган. Маалымдоо формасына кол койгондон кийин сурамжылоо баракчасы толтурулат.

Андан кийин эмдөө бөлмөсүнө кирет. Биринчи этап Бишкек, Ош шаарларында, Сокулукта жана Кантта жүргүзүлөт.